ТУРМУШ ТИРИЧИЛИК КАЛДЫКТАРЫН  БӨЛҮП САЛУУ ҮЧҮН 21 УРНА КОЮЛДУ

Америка Кошмо Штаттарынын билим берүү департаментинин TEA программысынын бүтүрүүчүсү Лингва-Нарын мектебинин жетекчиси Айнура Турдалиева Нарын шаарында турмуш тиричилик калдыктарын бөлүп чыгарууга арналган ,Эко-кыймылы Нарын шаарында» долбоорун ишке ашырып жатат.

Экологиялык долбоордун алкагында Нарын шаарындагы 7 жерге 21 таштанды урналары коюулуп, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 5 миң долларга бааланган долбоорду ишке ашырган А. Турдалиевага өз ыраазычылыгын билдирди.Пластик, айнек жана кагаз таштандыларын бөлуп салуу менен аны кайра иштетүүнү ишке ашыруу зарылчылыгын билдирген калаа башчысы бул боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, калаа тургундарын бул урналарды өз максатында пайдаланууга чакырды.Бул долбоор буга чейинде таштандыларды сорттоп салуу үчүн атайын эко урналарды коюуп келген.

 

Добавить комментарий