ТУУЛГАН КҮНҮҢ КУТ БОЛСУН, НАРЫН ШААРЫМ!!!

Касиеттүү Теңир Тообуздун борбору болгон Нарын шаарыбыздын адамдар турак алган аймак катары негизделгенине бир жарым кылым болгонун тарыхый булактар жана окумуштуулардын талыкпас эмгеги аркылуу далилдеп алдык.

Нарын шаарынын басып өткөн жолу тууралуу тарыхый маалыматтарга токтоло кетсек, шаар жайгашкан жер 1868-жылы Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кыргыздардын аскер чеби катары негизделген экен. Мезгилдин ɵтүшү менен чептин жанына элдер отурукташып, акырындык менен Нарын дарыясынын жээгине алгачкы турак-жайлар түшүп, калктуу конуштар пайда болгон.

Тарыхый маалыматтар боюнча, 1939-жылы Нарын шаарына Нарын облусунун борбору статусу берилип, буга чейин планы жок түзүлүп келген шаарчанын негизги план-схемасы иштелип чыгып, шаар аймактарга бɵлүнүп, жаӊы типтеги турак үйлɵр, дүкɵндɵр, мекеме-уюмдар, ɵндүрүш ишканалары, ооруканалар салынган.

2004-жылга чейин Нарын шаары облустун гана эмес Тянь-Шань районунун да борбору катары эсептелип, административдик башкаруусу мамлекеттик функцияны аткарган.

Ал эми 2004-жылы Нарын шаарына мыйзамдын негизинде облустук маанидеги шаар статусу ыйгарылган. Ошондон тартып шаарга ɵз алдынча башкаруу укугу берилип, бул жылдар аралыгында замандын талаптарына ылайык калктын жашоо шартынын жакшырышына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ, шаарды социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүгɵ аракеттер кɵрүлө баштаган.

Ал эми “Нарын шаарынын туулган күнү кайдан чыкты?” деген суроо көпчүлүгүбүздү тынчсыздандырып турса керек. Нарын шаарында көптөгөн масштабдуу иш-чаралар уюштурулганы менен калаанын өздүк майрамы өткөрүлгөн эмес. Бул кенемтени толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен 2012-жылдын 18-декабрындагы Нарын облустук коллегиясынын атайын чечиминин негизинде ар жылы 17-сентябрь Нарын шаарынын күнү катары белгилене баштаган.

Шаар күнүнө жыл сайын жакшы жаңылыктар, жаңылануу багыттары менен кирүүгө аракетибиз күч.

Шаарыбызды өнүктүрүү максатында жасалып жаткан аракетибизге, жаралган ар бир ийгилигибизге шаарыбыздын тургундары, меймандары өздөрүнүн оң баасын берет деген ишеничтебиз.

Туулган күнүң кут болсун, Нарын шаарым! Дагы миңдеген кылымдарды карытып, өсүп-өнгөн, нарктуу, даңктуу элдин түбөлүктүү ыйык турагы, тумары бол!!!

Добавить комментарий