ТУУРА КӨЧӨЛӨР ТОЛУК ЖАРЫКТАНДЫРЫЛАТ

Нарын шаарындагы түнкү жарыктандыруу иштеринин алкагында туура көчөлөр толугу менен жарыктандырылат.Нарын шаарынын мэри К. Тутуев Мп Таза-Нарын ишкана башчысы Алмаз Суранов, Нарын Жашылдандыруу Ишканасы жетекчиси Адыл Чапкынчиев жана башка тийиштүү кызматкерлер менен бирге шаардын түнкү жарыктандыруу иштерин жакшыртуу максатында кыдырышты.Алдыда туура көчөлөр толук жарыктандырылып, зым тиректери сырдалат. Ошондой эле айрым аймактарга түнкү көрк берүүчү чырактар коюлуп, бузулгандары алмаштырылат.

Добавить комментарий