Түркиянын шаарлары менен Нарын шаарынын ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

 

 Түркия Республикасынын Кастамону шаары жана Анкара шаарынын Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосунда ɵз ара кызматташуу келишими түзүлдү.

Бул боюнча ɵткɵн аптада Нарын шаарынан түзүлгɵн расмий  топтун Түркия мамлекетине болгон иш сапарында сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Курамын Нарын шаарынын мэри Э. Алымкулов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Ж. Ботоканов, Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д. Ѳмүралиева, Кыргыз Респубикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн бɵлүм башчысы Н. Сатаров түзгɵн расмий топтун Кастамону, Анкара шаарларындагы иш сапары жемиштүү болду.

Иш сапары учурунда расмий топ аталган шаарлардагы бир катар социалдык оьектилер менен таанышып, тажрыйба алмашышты.

Жолугушууларда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Кастамону шаарынын мэри Таксин Бабаш жана Анкара шаарынын Этимесгут районунун башчысы Энвер Демирель менен түзүлгɵн  кызматташуу келишимине кол койду.

2018-жылдын 5-7-февраль күндɵрү эки тарап кол койгон келишимде ɵз ара урмат-сый, ишеним менен эки ɵлкɵнүн мыйзамдарынын чегинде ар тараптуу мамилелерди ɵркүндɵтүү; ɵз ара экономикалык, билим берүү жана башка багыттардагы кызматташтыкты бекемдɵɵ; маданият, билим берүү жана ден соолук жаатында маданий жана тарыхый мурастарды коргоо үчүн тараптуу алакаларды арттыруу; эки тараптын мекемелериндеги жумушчулардын билим алуусун ɵркүндɵтүү, ошондой эле маалымат жана тажрыйба алмашуу багытында кызматташуу маселелери камтылды.

Сүйлɵшүүлɵргɵ ылайык,   Кастамону шаарынын мэри Нарын шаарындагы бир паркты заманбап реконструкциялап берүүнү колго алаарын билдирди.

Ал эми Анкара шаарынын Этимесгут районунун жетекчилиги март айында Нарын шаарына иш сапары менен келип, ошондон кийин кайсы маселе боюнча конкреттүү колдоо кɵрсɵтɵɵрүн айтты.

Ошондой эле Нарын мамлекеттик университети менен Түркиянын Кастамону университетинин ортосундагы келишимдин негизинде НМУга Кыргыз-Түрк факультетин ачуу; факультеттин алкагында ветеринария, экономика, компьютердик технологиялар, түрк тили сыяктуу заманбап адистиктерди уюштуруу; студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуу программаларын ишке ашыруу; НМУда заманбап ветеринардык клиника ачуу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

 

Добавить комментарий