Түркия мамлекетинин Кастомону, Анкара шаарлары менен Нарын шаары тыгыз кызматташат.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А. Кайыповдун Түркиянын Кастомону облусуна болгон иш сапарында сүйлɵшүүлɵр жүргɵн.

Мында эки облустун ортосундагы социалдык-экономикалык, маданий кызматташуулардан сырткары Нарын шаары менен Кастомону шаарынын жана Анкара шаарынын Этимесгут районунун ортосунда кызматташтык алака түзүү маселеси талкууланган.

Сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ Нарындын дарыгерлерин Кастомону облусуна акысыз тажрыйба алмашууга жиберүү; Нарын мамлекеттик университетинин базасында тил жана адабият борборун, заманбап илимий лаборатория ачуу; Нарын шаарына заманбап коомдук эс алуу паркын куруп берүү маселелери макулдашылган.

Жакында шаар мэри, шаардык Кеӊештин тɵрагасы баштаган Нарын шаарынын расмий тобу боордоштук жана кызматташуу меморандумуна кол коюу максатында Түркия мамлекетине сапар алганы турат.

Бүгүн бул маселе шаардык Кеӊештин сессиясында каралып, меморандум түзүүгɵ макулдук берилди.

Добавить комментарий