ТҮРК ИНВЕСТОРЛОРУ НАРЫН ШААРЫНА 250 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА КУРУП БЕРЕТ.

Бүгүн, 23-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Этимесгут районунан келген түрк боордоштор Нарын шаарындагы обьектилер менен таанышып чыгышты.

Меймандар Борбордук Азия университетине, борбордук аянттагы Искусство галлереясына саякат жасашты.

Ошондой эле шаардагы реконструкциялоого муктаж обьектилер болуп эсептелген «Ала-Тоо» стадионун жана Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтты кɵрүп, долбоорлору менен таанышышты.

Шаардагы «Наристе-Нур» балдар бакчасында болгон учурда түрк инвесторлоруна жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тарабынан шаардагы эӊ негизги социалдык кɵйгɵй-бала бакчалардын жетишсиздиги экендиги, бакчага балдардын 50 пайызы гана тартылып, калган балдар кезекте тургандыгы билдирилди.

Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Дэмирэль мырза: «Биз үчүн эӊ маанилүүсү балдар. Эртеӊки келечегибиз болгон балдарыбыз үчүн Этимесгут шаарында кɵптɵгɵн балдар бакчаларын курдук. Азыр да куруп жатабыз. Бул жерден бир топ долбоорлор менен тааныштык. Алардын ичинен балдарыбыздын келечеги үчүн бир жакшы иш жасап берүү максатында 250 орундуу бала бакча куруп берели деп чечтик. Бул бала бакча Этимесгуттан Нарындагы боордошторубузга белек болмокчу. Биз муну менен эле чектелбейбиз. Буюрса дагы жакшы иштерди, пайдалуу долбоорлорду жасап калтыргыбыз келет»,-деп билдирди.

Энвер Демирэль мырзанын айтымында, 250 орундуу бала бакча Анкарадагы бакчалардын архитектуралык кɵрүнүшүндɵ салынып, болжол менен 600 миӊ доллардын тегерегиндеги каражат жумшалат. Буюрса 2019-жылы бүткɵрүп, ачып берүүгɵ аракет кɵрүлмɵкчү. Себеби Этимесгутта жергиликтүү кеӊештин мүчɵлɵрү бюджетти бир жыл мурда бекитип берет. Быйыл бул иш инвестициялык программага камтылып калса, эмдиги жылы ишке ашып калаарында күмɵн жок.

Бул кубанычтуу кабары үчүн облус жетекчиси Аманбай Кайыпов жана шаар мэри Эмилбек Алымкулов Энвер Дэмирель мырза баштаган Этимесгут районунун ɵкүлдɵрүнɵ Нарын шаарынын элинин, ата-энелердин атынан тереӊ ыраазылык билдирип, ошол кубанычтуу күндүн насип болуусун тилек кылышты.

Мындан соӊ бала бакча курууга ылайыктуу жерлер кɵрсɵтүлдү. Түрк инвесторлору шаардын борборунда жайгашкан Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинен жанындагы аянтты жактырганын билдиришти.

Добавить комментарий