Түштүк Кореядан келген делегация облус башчысы А.Кайыповдун кабыл алуусунда болушту

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов бүгүн, 18-мартта Түштүк Кореянын өкүлдөрүн кабыл алды. Кабыл алууда Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев менен Түштүк Кореянын «D&C Co» ЖЧКсынын башкы жетекчиси Шинг Шенг Бок келишимге кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

А.Кайыпов Түштүк Кореянын өкүлдөрүнө алгач Нарын облусу тууралуу кенен маалымат берип, облус үчүн инвесторлорду тартуу керектигин жана теңир-тоолуктар инвесторлорду кубануу менен тосуп ала тургандыгын, облустагы электр от казандарды көмүр от казанына алмаштыруу боюнча бирге кызматташаарын билдирди.

«Түштүк Корея тарап Нарынга от казан чыгара турган ишкана ачса анда бирге кызматташабыз. Инвесторлорго керектүү шарттарды түзүп, коопсуздугун камсыздап жана керектүү жер, жашоочу жай менен да камсыздайбыз», — деди А.Кайыпов.

Ошондой эле, буга чейин бир канча инвесторлор келип, макулдашуулар кагаз жүзүндө калганын айтып, бул сүйлөшүүнү иш жүзүнө ашыруу керек экенин кошумчалады.

Ал эми Нарын шаарынын депутаты Улан Айтиевдин билдирүүсү боюнча Түштүк Кореянын өкүлдөрү шаардын борбордук аянтына 9-майга чейин электр энергиясын аз сарптаган жол чырактарды орнотуп берүүнү убадалаган. Ошондой эле, Нарын шаарындагы жылуулук берүү системасындагы от казандарды заманбап от казандарга алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Добавить комментарий