«Укуктун жана Мыйзамдын үстɵмдүгү — ɵлкɵнүн туруктуу ɵнүгүүсүнүн негизги ɵбɵлгɵсү»

Бүгүн, 16-мартта Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында  «Укуктун жана Мыйзамдын үстɵмдүгү-ɵлкɵнүн туруктуу ɵнүгүүсүнүн негизги ɵбɵлгɵсү» деген аталыштагы тегерек стол отуруму болуп ɵттү.

Мындай тегерек стол-семинарлар  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Нарын облустук комитетинин графигине ылайык жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар бир ай сайын коррупция, терроризм, наркомания жана мыйзамдуулукту сактоо темаларынын алкагында ɵткɵрүлүп келүүдɵ.

Тегерек столго Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, айыл-ɵкмɵттɵрдүн ɵкүлдɵрү катышышты. Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Нарын облустук комитетинин кызматкери  мыйзамдуулукту сактоо туурасында маалымат берди.

IMG_2194

Добавить комментарий