УЛУКБЕК ЖОЛДОШБЕКОВ 100 МИҢ СОМДУК СЕРТИФИКАТ МЕНЕН СЫЙЛАНД

Нарын шаарынын сыймыгы, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков бүгүн, 28-февралда Нарын шаарына келди.

Аны Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, шаардык Кеңештин төрөгасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, спорт күйөрмандары, шаарыбыздагы мектеп мугалимдери менен окуучулар, чемпиондун достору, машыктыруучулары жана жаштар өзгөчө сый менен тосуп алышты. Ага ак калпак кийгизип, чепкен жабышты.

Андан соң, куттуктоо сөздөр орун алып, облус башчысы Эмилбек Алымкулов ага «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарып, 20 миң сом менен сыйлады. Куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, демөөрчүлөр тарабынан 400 000 сомдук жана Нарын шаарынын С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиадалык резервиндеги балдар өспүрүмдөр
спорт мектебинин жалпы жамаатынын атынан 70 000 сомдук серификаттар тапшырылды.

«Нарын шаарынан мына ушундай Азия чемпиону чыгып жатканы бизди абдан кубандырды. Финалга чыгып, ал жерде тажик балбанын утуп алганда көзүбүзгө жаш алдык. Кубандык. Азаматсың Улукбек. Эми дүйнө чемпиону болуп, элибиздин капчыгына көптөгөн алтын медалдарды алып келет деген ишеничибиз зор. Ал эми мына ушундай жаштарды маңдай терин төгө машыктырып, дүйнөлүк аренага алып чыгып жаткан машыктыруучуларыбызга, анын ичинде Мирбек Акиевге жалпы Нарын шаарынын атынан миң мертебе алкыш. Талыкпаган эмгегиңиздердин акыбети кайтып, өз жемишин берип жатат. Дагы да көптөгөн спортчуларды тарбиялап өстүрө бериңиздер»-деди, шаар башчысы Нурбек Молдокадыров.

Мына ушундай куттуктоо сөздөн соң шаар мэри Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин атынан УЛУКБЕК ЖОЛДОШБЕКОВго 100 МИҢ СОМДУК жана анын машыктыруучусу МИРБЕК АКИЕВге 50 МИҢ СОМДУК СЕРТИФИКАТ тапшырды.

Эске салсак, 13-18- февралда Индиянын Нью-Дели шаарында Азия чемпионаты орун алып, эркин күрөш боюнча 61 кг салмак бирдигинде Улукбек Жолдошбеков чемпион болгон.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий