УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТУРАК ҮЙҮНѲ КАПСУЛА САЛЫНДЫ

Бүгүн, 28-апрелде, Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлерине арналып курула баштаган 24 батирден турган 4 кабаттуу турак үйдүн пайдубалы түптɵлүп, капсуласы салынды.

Капсула салуу жɵрɵлгɵсүнɵ катышкан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тɵрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Чукуев,  «Азат» акционердик коомунун №3-курулуш монтаждоо башкармасынын директору Айдарбек Мендеев жана башкалар кызматтык турак үй акжолтой болуусун тилек кылып, жакшы каалоо-тилектерди жолдошту.

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Чукуев билдиргендей, турак үй УКМК мамлекетке ɵндүрүп берген каражаттын эсебинен курулуп жатат. Курулуштун жалпы сметалык баасы 51 миллион сомду түзɵт. 24 батирден турган 4 кабаттуу заманбап турак үйдүн 8 батири 3 бɵлмɵлүү, 16 батири 2 бɵлмɵлүү болуп салынмакчы. Курулуш иштери 31-августка чейин толугу менен аяктап, пайдаланууга берилээри мерчемделүүдо.

 

 

 

Добавить комментарий