«УЛУТТУК ТАМАК-АШ» БОЮНЧА КАРОО-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ.

22-мартта Нарын шаардык мэриясында Нооруз майрамына арналган иш чарадагы улуттук тамак-аш боюнча кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан жамааттарга сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган кароо-сынакка шаардык мекеме-ишканалардан: «Таза Нарын», «Суу-канал», Социалдык ɵнүктүрүү, Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борбору жана Билим берүү тармагынын эмгек жамааттары катышып, улуттук тамак-аштардын түрлɵрүн алып чыгышкан.

Комиссиянын чечими менен тамак-аштын 48 түрүн жана улуттук буюмдардын кɵргɵзмɵсүн алып чыккан Билим берүү тармагынын жана даамдардын 34 түрүн даярдаган «Таза Нарын» ишканасынын майрамдык дасторкону мыкты деп табылып, 3 миӊ сомдон акчалай сыйлыкка татыктуу болду.

Ал эми Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун, Социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн жана «Суу–канал» ишканасынын жамааттарынын кол эмгеги экинчи орунга татыктуу болуп ар бирине 2 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык  ыйгарылды.

Ошондой эле майрамдык иш чаранын сценарийин жазган М. Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрынын режиссеру Шамбет Мендебаировго ыраазылык билдирилди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов майрамдык иш чара жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлгɵнүн, буга Жогорку Кеӊештин тɵрагасы да ыраазы болгонун белгилеп, ɵзгɵчɵ анын сценарийин жазган режиссерго рахмат айтты. Муну менен катар иш чарага катышкан бардык жамааттарга жана акысыз плов басып берген ишкерлерге ыраазылык жолдоду. Алдыдагы шаардын 150 жылдык мааракесин да жогорку деӊгээлде ɵткɵрүп алуу милдети турганын билдирип, Ѳкмɵттүн 1-марттагы токтому менен мааракелик иш чараны ɵткɵрүүгɵ расмий уруксат берилгендигин маалымдады.

Ѳз кезегинде сыйлык алган тараптар да шаар жетекчилигине ыраазылык билдиришип, бул кɵӊүл буруу алар үчүн чоӊ стимул болоорун айтышты.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий