УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ КАСЫМАЛЫ АБДИЕВ ЭСКЕРИЛДИ.

Бүгүн шаар мэри Эмилбек Алымкулов баштаган топ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдиев Касымалы атаны эскерип, арбагына таазим кылып куран окушту.

Шаарыбыздагы кɵзгɵ басаар эки ардагерибиздин бири Касымаалы ата үстүбүздɵгү жылдын 27-февралында 96 жаш курагында арабыздан кɵзү ɵтүп кеткен эле.

Шаар жетекчилиги  маӊдайына Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгын кɵрүү тагдыры буюрбай калган ардагерибиз Касымалы атаны эскерип,  балдарына, жакындарына кɵӊүл айтты.

Атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Анын жаркын элеси түбɵлүккɵ биз менен!

Добавить комментарий