УЛУУ ЖЕҢИШТИН 72 ЖЫЛДЫГЫ НАРЫН ШААРЫНДА САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНЕТ

Нарын шаарында 9-май Жеӊиш күнүн, Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгын белгилɵɵ боюнча даярдыктар кɵрүлүүдɵ.

Майрамды белгилөө 9-май күнү саат 9:00 да “Жеӊишке 70” сквердеги монументке ардагерлердин, облус, шаар башчыларынын жана коомчулуктун коштоосунда гүл чамбарларды коюу менен башталат. Андан кийин аталган скверден “Тянь-Шань” паркына чейин “Ѳлбөс полк” жөө жүрүшү өтөт.

Иш-чара Нарын шаарынын “Тянь-Шань” паркында салтанаттуу митинг менен улантылат, ал жерден Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстеликке венок, гирляндалар коюулуп, жетекчилердин куттуктоолору айтылып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чакан программадагы концерт тартууланат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарындагы Ата-Мекендик согуштун 2 ардагерине 8 миңден жана 6 оруктун катышуучуларына 4 миңден материалдык колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле атайын белектерди даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 46 миң сом бөлүндү.

Добавить комментарий