«Улуу Жеӊишке — 70 жыл» сейил багын жасоого миллионго чукул акча каражаты жумшалды

 

9-май Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын Нарын шаарында белгилɵɵ эртеӊ менен саат 8-00 де кайрадан жаӊылануудан ɵткɵн сейил бактын кызыл лента кесүү аземи менен башталды.

Андан соӊ чогулгандар Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата тургузулган стелага жакындап, ɵчпɵс отко грилянда жана гүл чамбарлар коюлду.

Ага СДПК фракциясынын лидери, КР Жогорку Кеӊештин депутаты Ч.Турсунбеков, ЖКтин Ата Журт  фракциясынан депутаты Б.Шаршеев, Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Белгилей кетсек, «Чабандес» скверин  Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата реконструкциялоодон ɵткɵрүү үчүн жалпысы 993 миӊ сом акча каражаты жумшалды, анын 284 миӊ сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 150 миӊ сом Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыповдун атынан, 145 миӊ сом облустун ɵнүктүрүү фондунан, 384 миӊ сом Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен бɵлүнүп берилсе, 30 миӊ сом жеке ишкер С.Үсɵналиев тарабынан колдоо катары берилген.

 

Добавить комментарий