Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата сейил бак уюштурулууда

Кыдыруу тобу «Чабандес» скверинде жүрүп жаткан реконструкция жумуштарына күбɵ болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Учурда «Чабандес» скверин Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Алдыда сквердин тосмолорун жаӊыртуу, карагай, арча-туя бактарын отургузуу, түнкү жарыктарды, отургучтарды, урналарды орнотуу,  ирээтке келтирүү иштерин аткаруу милдеттери турат. А.Кайыпов бул жасалуучу жумуштарды тездетүү жагын тапшырды.

Мындан сырткары эс алуучу жайга Жеӊиштин 70 жылдык юбилейине арналган монумент тургузуу жагы да пландалууда.

Добавить комментарий