Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгы чоӊ салтанат менен белгиленди

«Улуу Жеӊишке — 70 жыл» сейил багынын ачылышынан жана «Тянь-Шань» паркындагы митинг-реквиемден кийин жетекчилик, ардагерлер жана элдик масса майрамдын негизги бɵлүгү ɵтүлүүчү борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтка келишти.

Ал эми аянтта таӊ эртеден баштап тематикалык музыкалар жаӊырып, сахна жасалгаланып, аскерлердин схема боюнча тизилүүсү, элдин аянтка чогулуусу  жүрүп жатты.

Туура саат 10-00 до УАЗ автоунаалары ардагерлерди атайын даярдалган шатерлорго алып келип, кызыл килемден ɵткɵрүп, алардын ардактуу орундарга  жайгашуусунан кийин майрамдык салтанатты шаар мэри Р.Адиев ачып, куттуктоо сɵзүн сүйлɵдү.

Анда, ал Улуу Ата Мекендик согуштагы  элибиздин улуу эрдигин даӊазалаган- Улуу Жеӊиштин 70 жылдык мааракеси менен Согуштун ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин жана жалпы теӊиртоолуктарды куттуктап, “ушул жылдар арасында ɵлкɵбүздүн бир нече мууну калыптанды. Жакшы турмушка умтулуу менен бирге биз ɵткɵн турмушубузду эстен чыгарууга болбостугун, бүгүнкү турмушту негиздеп, түптɵгɵн улуу муундун эмгегин баалай билүүгɵ милдеттүү экендигибизди, жана азыркы муундун атынан кан майданда баатырларча курман болгондордун, бүгүнкү күндүн жарыгын кɵрбɵй калгандардын элесине жана ооруктун эмгекчилерине тизе бүгүп, тереӊ таазим этебиз деп билдирди шаар башчысы.

Борбордук аянттан КР ЖКтин депутаттары Ч.Турсунбеков, Б.Шаршеев, Ѳкмɵттүн Нарындагы ɵкүлү А.Кайыпов, облустук ардагерлер кеӊешинин тɵрагасы К.Калназаров куттуктоо сɵз сүйлɵшүп, калыӊ журтту Улуу Жеӊиштин 70 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Ошентип кɵптɵн күткɵн аскердик парад ɵтүп, ага улай Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун сүрɵттɵрүн кɵтɵрүп билим берүү, маданият, медицина  кызматкерлери, мектеп окуучулары, 70 метрлик каармандык лентасын кɵтɵргɵн студенттер жүрүш жасап, андан соӊ согуш убагын чагылдырган театрлаштырылган кɵрсɵтүү тартууланды.

Ал эми салтанаттуу майрамдын соӊунда май айындагы вальс бийленип, велосипед жана роликчен балдардын аянтты тегеренүүсү жана ардагерлерге гүл тапшыруусу менен коштолду.

Улуу Жеӊиштин 70 жылдык мааракеси Кур-Теректе улуттук ат оюндары менен улантылды.

Добавить комментарий