УНГЕФУХТ ВЛАДИМИРДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛЫП МЕМОРИАЛДЫК ТАКТА ИЛИНДИ

Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясында 30-жыл директор болуп иштеген Унгефухт Владимир Филиппович 89 жашында каза болду.Нарын шаарындагы билим берүү тармагында 30 иштеп, эл агартууга кошкон салымы жана бул тармакка алып келген мыкты тажрыйбаларынын аркасы менен көптөгөн мыкты окуучулар чыгып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектери эскерилип келет.

Бүгүн аталган мектеп гимназиясын 1971-жылы аяктаган  бүтүрүүчүлөр улуу мугалим  Унгефухт Владимирдин  жаркын элесине арнап мемориалдык такта орнотушуп, ачылыш аземин жасашты.

Иш чарага мектеп жамааты жана мектептин 1971-1991-жылы бүтүргөн окуучулары, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров катышып, маркум Унгефухт Владимирдин билим берүүгө кошкон салымын белгилөө менен анын иш тажрыйбасынын мыктылыганан улам  аталган окуу жайдан миңдеген алдыңкы окуучулар чыкандыгын белгилешти.

Добавить комментарий