УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫБЫЗДЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА МЕЙМАНДАРЫ, АР БИРИҢИЗДЕРДИ НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮН БИЗ МЕНЕН БИРГЕ МАЙРАМДООГО ЧАКЫРАБЫЗ!

2017-жылдын 16-сентябрында Нарын шаарынын күнүнө карата шаарыбыздын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өтүлөөрүн маалымдайбыз.

Анда шаарыбыздын 5 аймагынын жашоочуларынын жана ошол аймактагы мекеме, ишканалардын катышуусунда, Москва аймагындагы Ж.Акималиев, РТС аймагындагы Б.Жапаралиев, Көтөрмөдөгү  “Алма Бак” сейил бактарында, борбордук “Ала-Тоо” стадионунда, Интернат чөлкөмүндөгү мектеп-лицейдин короосунда кыргыздын каада-салттарын чагылдыруу боюнча сынак, улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалары  уюштурулат.

Мындан сырткары, шаар күнүнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Ѳнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облустук семинар жана улуттук буюм-тайымдардын жасалышын, тамак-аштардын даярдалышын көрсөткөн мастер класстар, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, “Тоо койнундагы шаар” аталыштагы  сүрөт көргөзмөсү жана башка кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон  “Нукура” фестиваль өтөт.

Майрамдык иш-чаранын ачылышы борбордук «Ала-Тоо» стадионунда саат 9-00 дө башталат, ал эми жалпы иш-чаранын жана чөлкөмдөрдөгү сынактын жыйынтыгы кечки саат 17-00 дө борбордук аянтта чыгарылат.

Андыктан алдыда боло турган сынактарга өз аймагыңыздын намысын коргоп, шаарыбыздын майрамына активдүү  катышып, эс алып кетүүгө чакырабыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн өзүңүз жашаган аймактын башчыларына жана Нарын шаардык мэриясынын 5-12-90, 5-14-45, 5-14-34 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Добавить комментарий