УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА МЕЙМАНДАРЫ!

1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарындагы «Алма бак», «Смарт» жана Р. Ѳмүрзакова атындагы парктарда Нарын шаардык мэриясы тарабынан балдарга арналган оюн-зоок программалары тартууланат.

Аталган парктарда майрамдык иш чаралар саат 10. 00дɵ башталып, бул күнү бɵбɵктɵргɵ шаардагы балдар бакчалардын тарбиялануучулары жагымдуу ыр-бийлерди арнашат.  Кино жайда кино, мультфильмдер кɵрсɵтүлүп, бардык парктарда аттракциондор иштейт.

Таланттуу бɵбɵктɵр балдар арасында уюштурулган «асфальтта сүрɵт тартуу» сынагына катыша алышат.

Үй-бүлɵнүн бактысы, ɵлкɵбүздүн келечеги болгон бɵбɵктɵрүбүздүн майрамына кош келиӊиздер!!!

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясы.

 

Добавить комментарий