Учурдун көйгөйлүү маселелери үстүндө кеңири жыйын өттү

Бүгүн, 22-апрелде Нарын шаарынын «Жаштар Ордосунда» «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталыштагы форум өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Форумга, ички иштер министринин орун басары Нурбай Касымбаев жетектеген ИИМдин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, Нарын ОИИБдин кызматкерлери, билим берүү, дин тармагынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты — экстремизмди жана терроризмди ошону менен бирге жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу.

Кыргызстандын бардык аймактарында милиция коомдук тартипти чыңдоодо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында форумдарды өткөрүп келген. Ошол өткөрүлгөн форум кандай жыйынтыктарды берип жатат,  учурдун көйгөйлүү маселелери болгон диний-экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү жана жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, милиция кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жарандык коом менен биргеликте иш алып баруусу, бул багытта көрүлүп  жаткан  иш аракеттер туурасында  талкуулар жүрүп, ой-пикирлер билдирилип, кеп-кеңештер айтылды.

 

Добавить комментарий