ХОККЕЙ ОЮНУ БОЮНЧА БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ

Бүгүн Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында 9-11 жаштагы балдар арасында Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган  эл аралык мелдеш старт алды.

Оюнга Бишкек шаарынын «Алга», Нарын шаарынын «Нарын шумкарлары» жана Нарын районунун Кеӊеш айылынын «Учкучтар» командалары катышууда.

Тилекке каршы, аба ырайына байланыштуу Казакстандын Алматы шаарынан күтүлүп жаткан команда келе алган жок.

Ѳспүрүмдɵр арасындагы эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А. Кайыпов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Ж. Ботоканов, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Н. Молдокадыров, Канаданын белгилүү хоккей агенти Джон Макинтош,  Нарын хоккей лигасынын президенти Нурбек Ташболот уулу жана башкалар жаш хоккейчилерге ийгилик каалашты.

17-18-февраль күндɵрү ɵткɵрүлɵ турган бул мелдеш Нарын хоккей лигасы тарабынан уюштурулуп, бардык чыгымдарды  Ташболот Токтосуновдун уулдары кɵтɵрүүдɵ.

Ал эми байге фондуна кошумча катары Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн резервдик фондунан 10 миӊ сом берилди.

Ошондой эле Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен «Нарын шумкарлары» командасынын формасы үчүн 150 миӊ сом каражат бɵлүндү.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий