“Чабандес” сейил багын ирээтке келтирүүгɵ мэриянын аппараты жардамдашты

Нарын шаарында “Чабандес” сейил багы  Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата реконструкциядан ɵткɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Эки айлык ишембиликтин алкагында Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери учурда толук жаӊылануу иштери жүрүп жаткан сейил бакка 4-апрельде ишембиликке чыгышты.

Анда буга чейин ички жумуштарды аткарып жаткан шаардык жашылдандыруу мекмесинин жумушчуларына мэриянын кызматкерлери тазалоодон кийин чыккан таштарды, курулуштун таштандыларын чыгарып техникага жүктɵɵгɵ, арык казуу иштерине жардам беришти.

Маалымат үчүн айтсак, аталган паркка 36 карагай жана 12 арча-туя бактары март айында отургузулду, ошондой эле жакында 20 жергиликтүү карагай отургузуу жагы  күтүлүүдɵ.

Мындан сырткары, 496 миӊ 853  сомго сырткы тосмосун толук жаӊыртуу жана Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата монумент орнотуу иштери аткарылат. Учурда монументтин эскизи такталып, ага кетчү чыгымдардын баасы аныкталууда.

Ошону менен бирге отургучтарды, түнкү жарыктарды, таштанды салчу урналарды орнотуу, жайгаштыруу иштери да жүргүзүлɵт.

Белгилей кетсек, МДС аймагындагы сейил бак миллион сомго чукул акча каражатына жаӊыланып, 9-майда ачылышы ɵтɵт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий