«ЧЕРНОБЫЛЬ» АРДАГЕРЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ КѲРСѲТҮЛДҮ.

Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясында болуп ɵткɵн кырсыкка 33 жыл болуп олтурат. Бул күндү кыргыз эли менен бирге, мурунку Советтер союзунун курамындагы мамлекеттердин калкы кайгыруу менен эскерип келет.

Ушул апааттын кесепеттерин эске алуу менен, бүгүн, Нарын шаардык мэриясында Чернобыль атомдук электро-станциясынын кыйрагандыгынын 33 жылдыгын белгилɵɵгɵ арналган иш чара ɵткɵрүлдү.

Жыйынды ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Чернобыль окуясынын тарыхына токтолуу менен эӊ ɵкүнүчтүүсү атомдук реактордун кесепеттерин жоюуга катышкан аскерлердин баары ууланган жерлерди тазалоо менен бирге ɵздɵрү да ууланып, ден соолугунан ажырашканын, бул ишке Кыргызстандан 4 миӊге жакын жоокер барса анын 42си Нарын шаарынан болгонун, алардын 20сы бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында жашап, иштеп, коомго салым кошуп жатышканын баса белгиледи.
Ошондой эле Чернобылдан алган радиациялык уулануунун кесепетинен каза болгон ардагерлердин жубайларына кɵӊүл айтып, арабыздагы ардагерлерге жакшы тилектерди арнады.

Иш чарада Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн жетектɵɵчү адиси Рыскүл Осмонова, «Чернобыль» ардагерлер коомунун жетекчиси Санатбек Мажикеев, Нарын облустук ардагерлер Кеӊешинин тɵрагасынын орун басары Таалайбек Идирисов жана башкалар ардагерлерге куттук айтып, сыйлыктарын тапшырышты.

Бул жолу Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 22 миӊ сом бɵлүнүп, ардагерлерге белек берилди.

Чернобыль апаатынын тарыхына токтолсок, Кыргызстан СССРдин курамында турган мезгилде, 1986-жылдын 26-апрели күнү ушул каргашалуу окуя болуп, Украина мамлекетинин Чернобыль шаарында жайгашкан «Чернобыль» атомдук электр станциясындагы атомдук реактор жарылып кеткен. Анын кесепетинен Чернобыль шаары гана эмес айланасындагы кɵптɵгɵн айыл-кыштактар радиациялык ууланууга дуушар болгон. Ал жердеги калк мамлекет тарабынан башка жерлерге эвакуацияланып, радиация алган турак-жайлар жок кылынган. Бул апааттын кесепеттерин жоюуга СССРдин курамындагы бардык республикалардан 600 миӊден ашуун аскерлер чакырылып, ууланган жерлерди тазалоо иши башталган. Алардын 4 миӊге жакыны Кыргызстандын жоокерлери эле.

Добавить комментарий