«Ч. АЙТМАТОВ ААЛАМДЫН АКЫЛМАН СҮРѲТКЕРИ»

Бүгүн, 28-ноябрда Нарын шаарындагы Жумагүл Коӊурбаева атындагы китепканада «Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларындагы ар тараптуулук» аталышындагы конференция ɵткɵрүлүп, аалам сүрɵткеринин түбɵлүк кенчке айланган ɵмүр, чыгармачылыгынын ар кыл ɵӊүттɵрүнүн тегерегинде кеӊири сɵз болду.

Маданий иш чарада «Айтматов-адабий доор» аталышындагы слайд кɵрсɵтүлүп, №8-А. Буйлаш уулу атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү тартууланды.

Ошондой эле шаардагы мектептердин мугалимдери Шаршенбек Алтыбаев, Сагын Дүйшеева, Аймира Токтогулова жана башкалар «Ч. Айтматов-тубаса эколог», «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы мифология», «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы символикалар» темаларында кызыктуу докладдарды жасашты.

Китепкананын тейлɵɵ бɵлүмүнүн башчысы Роза Кашкарова «Ч. Айтматов-балдар адабиятында» темасын таасын ачып берип, «Ч. Айтматов-ааламдын акылман сүрɵткери» китеп кɵргɵзмɵсүнɵ баяндама жасады.

Иш чарага катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын кайсы жаш курагында окусан ошого жараша ар башкача кабыл алып, улам бир ɵӊүттɵ түшүнүп, анын кɵсɵмдүгүнɵ ошон сайын баа берүүгɵ болоорун, анын чыгармалары чыныгы турмуштан алынган үчүн дүйнɵ элинин сүймɵнчүгүнɵ, адамзат коомунун баалуулугуна айланып олтурганын баса белгиледи.

Конференцияда Ч. Айтматов тууралуу жаӊы маалыматтар айтылды. Иш чара ɵзгɵчɵ жаштар үчүн пайдалуу болуп, жалпы катышуучуларга руханий азык тартуулады.

Добавить комментарий