Шаардык кеӊештердин жана мэриялардын кызматкерлеринин ортосундагы республикалык футзал боюнча мелдеш бүгүн старт алды

 

Бүгүн 13-июнда, Нарын шаарында республикадагы шаардык кеӊештеринин жана мэрияларынын кызматкерлеринин ортосундагы  футзал  боюнча  мелдештин  ачылыш  аземи  болуп  ɵттү.

Иш чараны Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Э.Турсуналиев ачып, мелдешке атайын алыстан ат арытып келген спорт сүйүүчүлɵрүнɵ оюндагы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле облус башчысы А.Кайыпов, шаарыбыздын 1-вице-мэри А.Суранов да сɵз сүйлɵшүп, ɵлкɵбүздүн аймактарынан келген командаларга, келип бергендери үчүн тереӊ ыраазычылык билдирүү менен, алдыдагы мелдеш кызуу жана кызыктуу ɵтүүсүнɵ тилектештигин билдиришти.

Белгилей кетсек, бул мелдеш «Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына», Нарын шаардык Кеӊешинин жана Нарын шаардык мэриясынын 10 жылдыгына  арналып, ɵз ара таанышуу, достук, ынтымакты чыӊдоого багытталган.

Ал эми жеӊишти кɵздɵгɵн 10 команда спорт аянтында беттешип, алдынкы орундарга ат салышып, күйɵрмандарга эсте калаарлык оюн тартуулашууда.

Мелдеш шаардагы жаӊыдан 200 миӊ сомго оӊдоп-түздɵɵ иштеринен ɵткɵн «Ден соолукту чыӊдоо» борборунда ɵтүүдɵ.

Мындан сырткары, спорттук иш чараны уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 миң сом акча каражаты бɵлүнүп берилди.

 

Добавить комментарий