Шаардык кеӊештер арасында спорттук мелдеш ɵтɵт

13-14-июнда Нарын шаарында «2014-Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына», Нарын шаардык Кеӊешинин жана Нарын шаардык  мэриясынын түзүлгɵндүгүнүн 10 жылдыгына карата республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын шаардык Кеӊештеринин ортосунда  футзал  боюнча мелдеш ɵткɵрүлɵт.

Мелдешке республиканын онго чукул шаарларынын командалары катыша тургандарын билдиришти.

Белгилей кетсек, беттешүүнүн ачылыш аземи 2014-жылдын 13-июнунда саат 10:00до  «Ден соолукту чыӊдоо» борборунда башталат.

Добавить комментарий