Шаардын аймагын тазалыкка жана тартипке келтирүү иш-чараларын баштоо керек, — мэр Э.Алымкулов

Нарын шаарында 14-апрелден баштап шаарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык башталат. Маселе боюнча Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов мекеме, ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда бүгүн, 12-апрелде жыйын  өткөрдү.

Анда шаар башчысы жаздын келиши менен жыл сайын салттуу өтүүчү жазгы ишембиликтерди өткөрүүнү жандантуу тапшырмасын берди.

“Нарын шаарынын көчөлөрүн, эс алуу бактарын жана арыктарды жыйнап-тазалоо келе жаткан жума, ишемби, 14 — 15-апрель күндөрүнө белгиленди. Шаардын аймагын тазалыкка жана тартипке келтирүү иш-чараларын баштоо керек. Биз салтка айланган ишембиликтерди өткөрүү менен тазалыкты камсыз кыла алабыз. Ишембиликтерге жергиликтүү жашоочуларды да тартуу зарыл. Ѳзгөчө  жаштарды  өз шаарын сүйүүгө, эмгекке тарбиялоо маскатында коомдук иштерге тартуу өтө маанилүү. Ар бир шаар тургуну өз тегерегин ирээтке келтирип, таштандыдан арылып,  шаарды тазалоого салымын кошууга милдеттүү” деди мэр Э.Алымкулов жыйындын жүрүшүндө.

Нарын шаарынын мэринин буйругуна ылайык, апрель, май, июнь айларында өткөрүлө турган шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларына баардык шаардык кызматтар, Нарын шаарынын аймагында иш алып барып жаткан мекеме, ишканалар тартылууда. Алар атайын бекитилген тилкелерде  тазалоо жумуштарын аткарып, элди ишембиликтерге катыштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

 

Добавить комментарий