Шаардын деңгээлинде чечиле турган ар бир маселе боюнча тийиштүү мекеме, ишканаларга тапшырмалар берилип, иш алып барылат, — мэр Э.Алымкулов

Шаар мэри Э.Алымкуловдун кезектеги эл менен жолугушуусу бүгүн, 17-мартта Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинде өттү. Анда городок аймагынын жашоочулары көйгөйлөрүн айтышып, суроолорун жолдошту.

Шаар тургундарын ойго салган жумушчу орундарды түзүү, учурунда менчиктештирилип кетип, бирок азыркыга чейин пайдаланылбай турган ишканаларды кайтарып алуу, ички көчөлөргө шагыл, балласт төктүрүп берүү, түнкү жарык орнотуу жана башка маселелер боюнча кеп козголду.

Мындан сырткары, городок аймагындагы көп кабаттуу турак үйдүн короосуна мал кармап, малдын кыгы жана чɵп-жеминин калдыктары көп кабаттуу турак үйлөрдүн эшигинин алдын булгап, антисанитариялык абал жаратып жаткандыктан мал ээлерине тиешелүү чараларды көрүп берүү өтүнүчү менен  жолугушууга келгендер кайрылышты.

Алдыда аткарыла турган иштер менен бөлүшүп, шаар башчысы Э.Алымкулов шаарды ирээтке келтирүүнү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жумуштарын алгач ар бир шаар тургуну өзүбүздөн баштасак, айланабызды ирээттеп, үйүбүздүн сырткы келбетин оңдоп, тегеректи гүлдөтүп койсок, ошол биздин шаарга кошкон салымыбыз болот деп билдирди өз сөзүндө. Ошондой эле чөлкөмдөрдү көтөрүп, элди мобилизациялоо үчүн жарыяланган 2017- “Адеп, ыйман, маданият жылынын” алкагында аймактар арасында бир топ сынактар уюштурулаарын маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө айтылган шаардын деңгээлинде чечиле турган ар бир маселе боюнча тийиштүү мекеме, ишканаларга тапшырмалар берилип, иш алып барыла тургандыгы белгиленди.

Добавить комментарий