ШААРДЫН СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮШҮ ҮЧҮН ЖАШТАР ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ДАЯРДАШАТ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков бүгүн, 29.06.2021-жылы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта шаарыбыздагы активдүү жаштар менен жолугушту.Нарын жаштар ордосунан жана башка шаарыбыздын ар тараптан өнүгүшүнө саралым кошууга даярбыз деген активдүү жаштар, шаар башчысы менен болгон жолугушууда өз алдынча аткарып жаткан иштери, эл аралык уюмдар менен ишке ашырган долбоорлору туралуу айтып беришип, айрым максаттарды ишке ашырууга шаар мэринен колдоо сурашты.Шаардын жакшы жакка өзгөрүшү үчүн кандай гана сунуш-пикирлер болбосун колдоого алаарын айткан С. Болотбеков жаштар менен тыгыз байланышта иш алып барып, инвестиция тартуу боюнча кызматташууну сунуштап, ишке ашыруучу жолугушууларды белгиледи.Ошондой эле “үлгүлүү жаштар катары коомчулуктагы терс көрүнүштөргө бөгөт коюуга,жаштардын мекенчил сезимин ойготууга, укугу менен кошо мекени, эл-жеринин алдындагы милдеттерин аткарууга арналган иштерди колго алууга чакыруучу аракеттер болсо”-деген сунушун билдирип, шаардык мэриянын алдында жаштар кеңешин түзүү менен тыгыз иш алып барууга чакырды

Добавить комментарий