ШААРДЫН 150 ЖЫЛДЫГЫНА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШКАН ЭМГЕК ЖАМААТТАРГА ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!

ШААРДЫН 150 ЖЫЛДЫГЫНА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШКАН ЭМГЕК ЖАМААТТАРГА ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!

Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Ала-Тоо» стадионунда ɵткɵрүлгɵн майрамдык иш чара жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлдү.

Иш чарада Нарын шаарынын басып ɵткɵн жолу жана тарыхы театралдаштырылып кɵрсɵтүлүп, шаардын бүгүнкү турмушу мекеме-ишканалардын салтанаттуу жүрүшү менен чагылдырылды.

Массалык иш чараны уюштурууда Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманованын, М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын директору Темирлан Сманбаевдин, аталган театрдын кɵркɵм жетекчиси Жалил Мидиновдун, «Жаш кыял» музыкалык театрынын директору Анара Чилетированын жана ушул эле театрдын башкы балетмейстери жана режиссеру Жаныбек Чилетировдун эмгектери зор болду.

Театралдаштырылган массалык иш чара М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын, Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн, «Жаш кыял» бий ансамблинин, Ж. Шералиев атындагы искусство мектеби даярдаган 80 комузчунун, Борбордук Азия университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, медициналык, юридикалык, педагогикалык, техникалык колледждердин студенттеринин, шаардагы орто мектептердин окуучуларынын катышуусу менен жүзɵгɵ ашып, элге жагымдуу майрамдык маанай тартуулай алды.

Ал эми шаардын бүгүнкү турмушун чагылдарган салтанаттуу жүрүшкɵ маданият кызматкерлери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын ɵкүлдɵрү, М. Мырзабеков атындагы №87-кесиптик лицейинин, «Суу канал», «Таза Нарын» ишканаларынын кызматкерлери жигердүү катышты.

Мындан сырткары «Нукура» фестивалы ɵткɵрүлүп, облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынан турган үч топ кыргыз элинин «келин алуу», «сеп берүү», «тушоо кесүү» салттарын жогорку деӊгээлде кɵргɵзүп беришти.

Ушул жамааттардын ынтымагы жана намыскɵй аракети менен стадиондо жети боз үй тигилип, улуттук буюм-тайымдардын, тамак-аштын түрлɵрүнүн кɵргɵзмɵсү уюштурулду.

Келген меймандарга М. Субагожоев атындагы Нарын лицейинин окуучулары ойлоп тапкан техникалардын моделдери кɵрсɵтүлүп, шаардагы диаспоралардын ɵкүлдɵрүнүн, «Кыргыз уз», «Ай-Тилек», «Даам», «Нарын келечек», «Шамшы ата» чакан ишканаларынын ɵндүргɵн продукциялары, Талант Ниязбеков жетектеген жаштар комитетинин сувенирлери соода-сатыкка коюлду.

Ушуга удаа эле Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтында билим берүү тармагындагы бардык мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучуларынын аракети менен даярдалган «Нарын келечеги жаштарда» аталышындагы концерттик программа тартууланды.

Келечек ээлери болгон жаштардын ыр-бийлери, бɵбɵктɵр аткарган флеш-моб кɵрүүчүлɵргɵ кɵӊүлдүү маанай тартуулап, майрам шаӊын арттырды.

Шаарыбыздын мааракесине арналган маданий-массалык иш чараларга, улуттук ат оюндарына салымын кошкон ар бир катышуучуга, коомдун коопсуздугун сактап берген ички иштер кызматкерлерине, аты аталган жана аталбай калган бардык эмгек жамааттарга, массалык маалымат каражаттарынын окулдоруно тереӊ ыраазылык билдиребиз!

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий