Шаарды ɵнүктүрүү максатында банктар менен биргеликте жаӊы ишканаларды ачууга кредиттик каражаттарды жумшоо боюнча чаралар кɵрүлүүдɵ

Кечээ 2-февралда, Нарын шаарын ɵнүктүрүү максатында «Айыл Банк» ААкнун жана «РСК Банк» ААКму тарабынан жаӊы ишканаларды ачууга насыяларды берүүнүн шарттары жɵнүндɵ жыйын болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Чогулуш Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында ɵтүп, ага Нарын шаарынын 1-вице-мэри А.Суранов, банк кызматкерлери, жеке ишкерлер, соодагерлер жана буга кызыкдар шаар тургундары катышышты.

 Жыйында «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан насыялар кайра иштетүү ɵндүрүшүн ачканга багытталаары айтылып,  керектүү жабдууларды алууга, имараттарды ремонттоого, курулуш иштерине жана чакан ишканаларды курууга бериле тургандыгын аталган банктын жетекчисинин орун басары Б.Токтобеков маалымдады. Банктын насыялары 5 жылга, 12 пайыз менен 200 миӊ сомдон 144 млн. сомго чейин берилээри, бирок соода сатык жүргүзүүгɵ жана кызмат кɵрсɵтүүгɵ берилбей тургандыгы белгиленди.

 Ал эми «РСК» банкынын ɵкүлү насыялардын шарты жогоруда келтирилгендей экендигин айтып, күрɵ катары кыймылсыз мүлк гана коюла турганына, насыялар 180 млн сомго чейин берилип, бирок соода-сатык багытында колдонууга болбой тургандыгына токтолду.

 Жыйынды шаардын 1-вице-мэри жыйынтыктап ишкерлерге, соодагерлерге 2016-жылы жаӊы ишканаларды ачып шаардын ɵнүгүүшүнɵ ɵз салымдарын кошо берүүсүнɵ чакырды.

Добавить комментарий