ШААРДЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ.

14-мартта Нарын шаардык мэриясында мекеме-ишканалардын жетекчилеринин башын кошкон жыйын ɵткɵрүлүп, шаар мэри Э. Алымкулов тарабынан шаардын 150 жылдыгын уюшкандыкта ɵткɵрүп алуу, иретке келтирүү, кɵрктɵндүрүү багытында бир катар тапшырмалар берилди.

Шаар мэри ɵз сɵзүндɵ быйыл Нарын шаары үчүн ɵзгɵчɵ жыл болоорун белгилеп, Президенттин «Региондорду ɵнүктүрүү жылынын», Ѳкмɵттүн «Жаӊы доорго-кырк кадам» программасынын жана шаардын 150 жылдык мааракесинин алкагындагы иш чараларды жогорку деӊгээлде ɵткɵрүп алуу милдетин койду.

Ошондой эле Премьер-министрдин «Таза жашоо» улуттук  кампаниясынын алдында айлана-чɵйрɵнү санитардык тазалоо, калк жайгашкан аймактардын инфраструктурасын оӊдоо, кɵрктɵндүрүү, иретке келтирүү максатында үч айлык жарыяланганын маалымдап, үч ай бою жума сайын ишембиликтер ɵткɵрүлүп тураарын жана ар бир шаар тургуну бул акцияга активдүү катышуусу зарылдыгын белгиледи.

Ар бир мекеме жетекчисине ɵздɵрүнүн кеӊсесин иретке келтирүүнү тапшырып, ɵзү кыдырып кɵрүп тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алаарын билдирди.

Мындан сырткары ишембиликтерде бɵлүнгɵн аймактарга кɵзɵмɵл кылуу, базарды тез арада иретке келтирүү, «64» аймагын жана борбордук аянтты реконструкциялоо долбоорун колго алуу        сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйында Нооруз майрамын уюшкандыкта ɵткɵрүп алуу маселеси да каралды.

Шаар тургундарына маалымдай кетсек, быйылкы жылдын алгачкы ишембилиги 16-17-март күндɵрү ɵткɵрүлмɵкчү.

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий