Шаарды тазалоо боюнча жарыяланган эки айлык улантылууда

17 май ишемби күнү, Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиев баштаган комиссия, шаарды тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча мэрия тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында ɵтүп жаткан ишембиликтин жүрүшүнɵ текшерүү жүргүзүштү.

Ишембилик ар жума ɵтүп жатканына карабастан шаардын тазалыгы канаттандыраарлык эместигин, жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишембиликке чыкпаган үчүн бɵлүнгɵн тилкелер боюнча жооптуу кызматкерлерге жана мекеме, ишканалардын жетекчилерине, мэр чара кɵрɵɵрүн эскертти.

Ошондой эле тез аранын ичинде жол боюндагы бактарды актоо, арыктарды тазалоо, түнкү жарыктарды орнотуу, таштандыларды убагында чыгарып туруу, куурап калган бактарды кыркуу жана башка тазалыкка байланышкан маселелер боюнча иш аракеттерди кɵрүүсү  шаардагы тейлɵɵ мекемелерине тапшырылды.

 

Добавить комментарий