Шаарды таза кармоо – ар бир шаар тургунунун милдети

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаз келип, тоӊ ээрип, кышы бою кар астында жаткан жалбырактар, таштандылар сыртка чыгып, жыл сайын салтка айланган шаар тазалоо жумуштары эми күч алат.

Ѳткɵн аптанын алтынчы күнү ɵткɵрүлгɵн жалпы республикалык ишембиликке адаттагыдай эле шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, студенттер активдүү катышса, ал эми кɵп кабаттуу турак-жайдын жашоочулары жана борбордук кɵчɵдɵн орун алып, ɵзүнүн соода-сатык иштерин жүргүзүп жаткан дүкɵн, киоск, дарыкана, бут кийим оӊдоочу жайлардын ээлери мындай демилгеге кайдыгер карап, улам бир шылтоону айтып турушса, айрымдары ɵзү жашаган аймакты тазалоодон баш тартып турганына таӊ калдык.

Дегеле ар бир ɵтүлүүчү ишембилик туурасында шаардык мэрия жергиликтүү Нарын телевидениеси аркылуу алдын ала жарыяларды берип, кулактандырып келгени келген. Бирок ага карабастан уялганынан айрымдары уккан жокпуз деген шылтоолорду айтып турушту.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ушундан улам шаар мэри Р.Адиев кɵп-кабаттуу турак-үйлɵрдүн жашоочулары менен жер-жерлерде жолугушуп, калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, тазалоо, кɵрктɵндүрүү боюнча, жарыяланган эки айлыктын алкагында, 2016-жылдын апрель жана май айларынын ар бир аптасынын жума жана ишемби күндɵрү ɵткɵрүлүүчү жалпы шаардык ишембиликтерге катышып, шаардын тазалыгына салым кошууга чакырык салды.

 

 

 

 

Ошондой эле мэр шаардын таза жана кɵрктүү болушуна ар бир тургун милдеттүү экендигин белгилеп, үйлɵрдүн, соода-сатык жайлардын сыртын актап, сырдап, короо-жайларды, жашаган жердин  айланасын, арыктарды  тазалап, шаарыбызды таза шаарга айланталы деген пикирин билдирди.

Жолугушуу учурунда шаар тургундары павильондордун аркаларын кээ бир маданияты жок адамдар даараткана кылып, таштандыларды жана башка ыплас нерселерди таштап салгандарын айтышып, ага дүкɵн ээлери маани бербей, тазалабай жатканын маалымдашты. Бул маселе боюнча шаардык бийлик тиешелүү тапшырмаларды берип, кɵзɵмɵлгɵ алаарын убадалады.

Добавить комментарий