ШААРЧА ЧӨЛКӨМҮ КОРКТӨНДҮРҮЛӨТ

 Нарын шаарынын мэри Канболот Мусаев “Шаарча” чөлкөмүнүн жашоочулары менен жолугушуп, чөлкөмдү көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин талкуулады.  Шаар башчысы борбордук көчөнүн боюнда жайгашкан Ленин 101 дарегиндеги көп кабаттуу турак жайдын айланасын ирээтке келтирип, эскирген тосмолор алмаштырылып, куураган бак-дарактардын ордуна ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрү тигилет. Шаар башчысы менен жолугушууда жергиликтүү жашоочулар айлана-чөйрөнү тазалоо, ирээтке келтирүү демилгесин колдоп, көрктөндүрүү иштерин аткарууга өз алдынча каражат чогултуп керектүү метариалдарды сатып алууну сүйлөшүштү. 

Добавить комментарий