«ШААРЫБЫЗ БААРЫБЫЗГА» МАРАФОНУ КЕЛЕЧЕКТҮҮ ДОЛБООРЛОРГО ЖОЛ АЧТЫ.

Бүгүн, 11-майда Нарын шаарында шаардын түптɵлгɵндүгүнүн 150 жылдык мааракесине жана «Региондорду ɵнүктүрүү» жылына карата келечектүү инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу максатында уюштурулган «Шаарыбыз баарыбызга» аттуу марафон уюшкандыкта ɵткɵрүлдү.

Марафонго жогорку кызмат адамдарынан карапайым пенсионерлерге, жаш балдарга чейинки Нарын шаарына кайдыгер карабаган коомчулук активдүү катышып, жүрɵктɵрүнɵн чыккан үлүштɵрүн кошуп беришти.

М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында майрамдык маанайда ɵткɵрүлгɵн иш чараны шаар мэри Эмилбек Алымкулов ачып, шаарыбыздын 150 жылда басып ɵткɵн жолуна кыскача токтолуу менен алдыда ишке аша турган болжолдуу наркы 123 миллион сомду түзгɵн 17 долбоорду коомчулукка тааныштырды.

Алар: Нарын шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу; шаардын кире беришиндеги «Эки илбирс» монументин, Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтты реконструкциялоо; шаарды заманбап түнкү жарык менен камсыздоо; Батыш чɵлкɵмгɵ «Панорама» эс алуу жайын куруу; «64» аймагындагы Т. Пудовкин атындагы гүлбакты реконструкциялоо; 5 паркка спорт менен машыгуучу жана балдар атракциондорун уюштуруу; борбордук «Ала-Тоо» стадионун реконструкциялоо; шаардагы аялдамаларды жаӊылоо; таштанды чыгаруучу жайлардагы контейнерлерди алмаштыруу; шаар ичиндеги парктарга, коомдук жайларга таштанды салуучу челектерди коюу; Городок аймагындагы «Жаштар» гүлбагынын үстүн жаап, спорт менен машыгуучу, балдар ойноочу аянтчаларды, аллеяларды уюштуруу; Ак-Коргон аймагындагы  «Опорный» гүлбагын реконструкциялоо; РТС, Ак-Коргон аймактарына жɵɵ адамдар басуучу аллея салуу; СМАРТ пакртын ичине кафетерий жана коомдук ажаткана куруу; шаардын аймактарына заманбап ЛЭД экрандарды жана электрондук маалымат такталарын орнотуу долбоорлору.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов жана шаардык Кеӊештин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов ɵздɵрүнүн үй-бүлɵлɵрүнүн атынан 20 миӊ сомдон үлүш кошуу менен марафонду ачып беришти. Шаардык мэриянын аппараты 40 миӊ сом, аппараттагы Ардактуу атуулдар 10 миӊ сом, шаардык Кеӊештин аппараты 10 миӊ сом, шаардык Кеӊештин депутаттары 100 миӊ сом салышты.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгү 150 миӊ сом, Жогорку Кеӊештин депутаттары: Алмазбек Баатырбеков 150 миӊ сом, Алмаз Акматов 100 миӊ сом, Афтандил Кулбараков 50 миӊ сом, Борбордук Азия университетинин операциялык иштер бɵлүмүнүн директору Музафар Жорубов баштаган ɵкүлдɵрү 4,5 миллион сом, Тынымсеит «Ынтымак» коомунун мүчɵлɵрү 180 миӊ сом, Нарын району 331 миӊ сом, Нарын облустук үй-бүлɵлүк дарыгерлер борбору 302 миӊ сом, облустук бириктирилген оорукана 120 миӊ сом, Нарын шаарындагы билим берүү тармагы 347 миӊ сом үлүш кошушту.

Мындан сырткары Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков, Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Алишер Табылдиев, «Минур» ишканасынын ɵкүлү Нурбек Исмаилов баштаган жооп топ сырттан келген нарындык коноктор, эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү, райондордун акимдери, облустук, райондук, шаардык мекеме жетекчилери, аксакалдар, аялдар, жаштар Кеӊештеринин, коомдук уюмдардын ɵкүлдɵрү, жеке ишкерлер, банктардын, уюлдук байланыш түйүндɵрүнүн, курулуш компанияларынын жетекчилери, шаар тургундары, жаштар, балдар мүмкүнчүлүгүнɵ жараша салым кошуп беришти.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, марафондон накталай чогулган каражат 1 миллион 145 миӊ 400 сомду түздү. Ал эми которуу жолу менен 2 миллион 283 миӊ 600 сом, жалпысы 3 миллион 429 миӊ сом чогулду. Ошондой эле шаардын Башкы планын иштеп чыгуу долбоору үчүн Ага Хан фондунан 4,5 миллион сом берилээри убада кылынса, 2 миллион сомдун тегерегинде дагы башка долбоорлорду каржылап беребиз дегендер болду. «Кɵп түкүрсɵ кɵл болот» дегендей, шаарыбыздын келечектүү долбоорлору үчүн марафондун аркасы менен жалпысынан 10 миллион сомдун тегерегинде каражат чогулду.

Чогулган накталай акча каражаты эсептɵɵ жана ревизиялоо комиссиясы тарабынан эсептелип, кɵзɵмɵл кылынууда. Каражат шаардык мэриянын атайын эсебине которулуп,  мыйзамга ылайык тендер аркылуу долбоорлорго сарпталмакчы.

Нарын шаарынын келечегине кайдыгер карабаган бардык мекенчил атуулдарга тереӊ ыраазылык билдирүү менен 150 жылдык мааракеге чейин дагы үлүш кошом дегендер үчүн  марафондун банктык эсеби ачык экендигин эскерте кетмекчибиз.

Добавить комментарий