«ШААРЫМДЫ СҮЙҮҮ ТАЗАЛЫКТАН БАШТАЛАТ» МАРАФОНУ ИЙГИЛИКТҮҮ УЛАНТЫЛУУДА.

Нарын шаарында Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын демилгеси менен «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» аталышындагы тазалык марафону башталган. Аталган ишкана ɵткɵн жумада шаардын кире беришиндеги «Эки илбирс» монументин ирээтке келтирип, иш кезегин Нарын шаарындагы Жылуулук берүү жана Электр тармактар ишканаларына ɵткɵрүп беришкен эле.

Эстафетаны алган ишканалар шаардын Московский жана Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵлɵрдүн айлана-тегерегин тазалап берүү демилгесин колго алышкан.

Бүгүн, 5-апрелде Нарын шаардык Жылуулук берүү ишканасынын эмгек жамааты Нарын шаарынын Московский аймагындагы кɵпүрɵнү таштандылардан арылтып, ирээтке келтиришти. Иш кезеги Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнɵ салтанаттуу кырдаалда ɵткɵрүлүп берилди. Билим берүү кызматкерлери кийинки жумада шаардын Московский аймагынан кире беришиндеги «Нарын шаары» белгисинин айланасын тазалоо милдетин алышты.

Ал эми Электр тармактар ишканасы Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵнүн тегерегин тазалап, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык ɵнүгүү башкармалыгына кезекти бермекчи.

Коомдук жайларды тазалоо боюнча быйыл экинчи ирет ɵткɵрүлүп жаткан тазалык акциясы ийгиликтүү уланып, шаарыбыз үчүн пайдалуу болооруна ишенебиз жана акцияга катышкан эмгек жамааттарга тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Ошондой эле шаарыбыздын жалпы тургундарын ишембиликтерге чыгып, айлана–тегерегин тазалоого чакырабыз!

Добавить комментарий