ШААР АРАЛАГАН МАЛ ЖАНДЫКТАРЫ КОРУКЧУ МЕНЕН КѲЗѲМѲЛДѲНѲТ

Нарын шаарындагы шаар аралап ээн жүргɵн мал жандыктарын тартипке салуу максатында Жашылдандыруу ишканасына «корукчу» штаттык бирдиги ачылып, эки корукчу алынды. Аларга жергиликтүү бюджеттен 118 миӊ сомго эки ат жабдыктары менен алынып берилди.

Эми каралбай ээн жүргɵн мал жандыктары шаардын сыртына айдалып чыгарылат. Мындай чарага мал ээлеринин ɵз малына болгон жоопкерчиликсиз мамилеси түрткү болду.

Короосунда мал жандыктары бар шаар тургундарына малын парктарды, коомдук жайларды аралатып бош койбой кɵзɵмɵлдɵп алууларын дагы бир ирет эскерте кетмекчибиз.

Добавить комментарий