Шаар башчысы спорт жаатында иш алып барган кызматкерлер менен баарлашты

Бүгүн, 17-февралда Нарын шаарынын мэри  Э.Алымкулов спорт мекемелеринин жетекчилери жана спортсмендер менен маектешти.

Анда спорт тармагындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды. Шаар мэри массалык спортту өнүктүрүүнү колгоо алуу керектигин айтып, спорт кызматкерлерине, тренерлерге эл аралык денгээлдеги спорт ышкыбоздорду тарбиялоодо, жаштарды, өспүрүмдөрдү сергек жашоого тартууда эмгектери зор экендигин белгиледи.

Шаар башчысы буга чейин спортсмендер машыга турган залдар жетишсиз болуп келсе, шаарыбыздын РТС аймагындагы жаңыдан курулуш иштери аяктаган С.Бекманбетов атындагы заманбап спорт мектеби жакында ишке берилээрин белгиледи.  Бул да болсо спорттун эркин күрөш боюнча түрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт деген оюун билдирди.

Ошондой эле борбордук стадионду толук ремонттон өткөрүү жана стадионго кире бериштин келбетин бузуп жаткан контейнерлерди алдыртып берүү боюнча көмөк көрсөтүүсүн суранышты. Мындан сырткары ден-соолукту чыңдоо борборуна жылытуу системасын орнотууга, канаттык-бугилдик жолуна  тетиктерден жардам керектиги айтылды.

Мэр Э.Алымкулов жайкы жана кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүсү керектигин, суукта кирип жылынуучу, ысык чай ичүүчү жайларды уюштуруу зарылчылын белгилеп өттү. Айтылган сунуштар боюнча иш алып барылаарын айтып, көйгөйлөр менен кыдырып жакындан таанышарын билдирди.

Ал эми маселе шаардын тазалыгына келгенде, спортчулар чоң армия болгондуктан ишембиликке, имараттарынын айлана-тегерегин көрктөндүрүүгө даяр экендиктерин айтышты.

Добавить комментарий