ШААР БАШЧЫСЫ ТАШ КЫЯ ЖАНА АК ШООЛА КӨЧӨӨСҮНҮН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

ШААР БАШЧЫСЫ ТАШ КЫЯ ЖАНА АК ШООЛА КӨЧӨӨСҮНҮН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 4-мартта Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров М.Сыдыков (Московский) чөлкөмүндөгү Таш-Кыя көчөөсүнүн тургундары жана Кыргыз-Араб достугу (РТС) чөлкөмүнүн Ак шоола көчөөсүнүн тургундары менен жолукту.

Алар шаар мэрине кат менен кайрылуу жолдоп, көйгөйлөрдү жеринде көрүүсүн өтүнүшкөн.

Бул кайрылууларды эске алып, Нурбек Молдокадыров алгач М.Сыдыков (Московский) чөлкөмүндөгү Таш-Кыя көчөөсүнүн тургундары менен жолукту. Бул жерде жыйырма бешке чукул түтүн жашайт. Алар шаар башчысына бул көчөөдө жол жана жарык маселеси бар экенин айтышты. Ал эми үстүбүздөгү жылы Нарын шаардык мэриясы тарабынан таза суу менен камсыз болгондору үчүн Нурбек Молдокадыровго ыраазычылыктарын билдирди.

Андан соң ушул чөлкөмдөгү көпүрөнүн абалы менен таанышып, «Таза Нарын» муниципалдык ишканасынын башчысы Алмаз Сурановго калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Кийинки жолугушуу Кыргыз-Араб достугу (РТС) чөлкөмүнүн Ак шоола көчөөсүнүн тургундары менен болду. Алар көчөөнүн жаз айларында жана жаан көп жааган учурларда үйлөрдү суу каптап жатканына арызданып, чечип берүү сунушу менен кайрылышты.

Тиешелүү мекеменин жетекчилери менен барган шаар башчысы ал жерге септик же жолдун аркы өйүзүндөгү каналга сууну түтүкчө аркылуу өткөзүү жолун талкуулашты. Ушул жылы бул көйгөйдү чечүүгө аракет жасарын Нурбек Молдокадыров убада кылды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий