Шаар башчысы эл менен жолугушат

2015-жылдын 31-мартынан 11-апрелине чейин Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдиновичтин шаардын эли менен жолугушуулары ɵткɵрүлɵт.  Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жолугушуу шаардын аймактарында атайын түзүлгɵн графикке ылайык жүргүзүлɵт. Анда 2014-жылы аткарылган иш аракеттер туурасында маалымат берилип, элдин суроолоруна жооптор берилет.

Жолугушуунун графиги тɵмɵндɵгүдɵй:

  1. 31.03.2015-ж. саат 17-00 — РТС аймагынын жашоочулары менен №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде;
  2. 02.04.2015-ж. саат 17-00 – Москва чɵлкɵмүнүн жашоочулары менен №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде;
  3. 04.04.2015-ж. саат 13-00 – 64тɵн баштап Телекомго чейинки аймактын жашоочулары менен №2 В.Чкалов атындагы орто мектебинде;
  4. 08.04.2015-ж. саат 17-00 – Телекомдон Орок-Балкага чейинки аймактын жашоочуулары менен №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде;
  5. 10.04.2015-ж. саат 17-00 – Орок-Балкадан Жаӊы Жолго чейинки аймактын жашоочулары менен №8 Арстанбек Б.у. атындагы орто мектебинде;
  6.  11.04.2015-ж. саат 13-00 – Жаӊы Жолдон Интернатка чейинки аймактын жашоочулары менен №9 А.Садыков атындагы орто мектебинде.
Добавить комментарий