ШААР БИЙЛИГИ ГЕРБДИН АВТОРУН КУТМАН КУРАГЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин автору, жердешибиз Асейин Абдраев 70 жашка толду.

Бүгүн,  7-апрелде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов жана вице-мэр Салтанат Эсенаманова Асейин Абдраевди кутман курагы менен куттуктап, абалын сурашты.

Ден соолугунан жабыр тартып турса да шаар бийлигинин ɵкүлдɵрүн жылуу кабыл алган Асейин ага Кыргызстандын Герби дүйнɵдɵгү эӊ кооз символдордун катарына кирээрин айтып, анын жаралыш тарыхынан кеп салды.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов Мамлекетибиздин Герби кооз гана эмес эӊ тереӊ философиялык мааниге ээ экендигин жана анын автору биздин шаарыбыздын тургуну экенине жалпы теӊир тоолуктар сыймыктанаарын билдирүү менен авторго бекем ден соолук, узун ɵмүр каалап, ак калпак кийгизип, 5 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү белегин тапшырды.

Эске салсак, Асейин Абдраевдин кол эмгегинен, кɵз майынан, талант-дараметинен жаралган бул эмгек 1992-жылы 2234 эскиздин  ичинен тандалып алынып,  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби макамына ээ болгон.

Добавить комментарий