ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ УУЛУН ООГАН СОГУШУНА БЕРГЕН КАЛНИСА АПАДАН КАБАР АЛДЫ.

Бүгүн Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокер, «Кызыл Жылдыз» орденинин ээси Мурат Ибраевдин үйүндɵ болуп, апасы Чуӊгулова Калнисанын абалынан кабар алды. 

Жашы 80ди таяган Калниса апа уулун жоготконуна 29 жыл болсо да бүгүн эле жоготкондой сагыныч сезим менен жүрɵгү сыйрыла ар качан эскерип келээрин айтты.

Апасынын эскерүүсүндɵ тун уулу Мурат бала күнүнɵн кичи пейил, зирек ɵсɵт. Мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып, сабакты мыкты окуп, башкалардан ɵзгɵчɵлɵнгɵн адамкерчилик сапаттарга ээ болуп чоӊоет. 17 жашында ɵзү эле  Новосибирск шаарына окууга тапшырып,  аскердик окуу жайына ɵтүп алат. Окуусун бүтɵɵрүндɵ Ооганистанга чакырылып, эки жыл кызмат ɵтɵп, армиядан кетип аткан күнү душмандын чоӊ соккусуна кабылып, баатырларча курман болот. Атасынан эрте ажырап, медер тутканы Мурат болгон бул үй-бүлɵнү ошол күнү кайгынын кара туманы каптайт…

Бул күнү Калниса апа шаар жетекчилигине турмуш-шартынан бир аз кыйналып турганын, үйүнүн жылуулук системасы жарылып, муздак үйдɵ оорукчан баласы менен жан сактап атканын билдирди.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров жылуулук жагынан тез арада жардам берилээрин, күн жылыса жылуулук системасын алмаштырууга колдоо кɵрсɵтүлɵɵрүн айтып, жергиликтүү бюджеттен бɵлүнгɵн 3 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү каражатты тапшырып, уулуна куран окуп коюусун ɵтүндү.

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы. 

Добавить комментарий