ШААР КҮНҮ НАРЫНДА НУКУРА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ

Нарын шаарынын күнүн белгилөө алкагында,  улуттук буюм-тайымдардын жасалышын, тамак-аштардын даярдалышын көрсөткөн мастер класстар, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү жана башка кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон  “Нукура” фестиваль өттү.

Каада — салт, үрп — адат, маданиятыбызды чагылдырып көрсөтүп бере турган “Нукура” аталыштагы этнофестивалга келген чет элдик туристтердин саны арбын болду.  НукураФест шаарыбызда биринчи жолу өтүп, туристтерди тартуу, шаар элинин нукура маданияты менен тааныштыруу жана бул фестивалды мындан ары жыл сайын өткөрүүнү салтка айлантуу максатын көздөйт. «Нукура» фестивалды уюштурууга ЮСАИД эл аралык уюму, «Тенти» туристтик агенттиги жана башка демөөрчүлөр колдоо көрсөттү.

Баса белгилей кетчү нерсе, фестивалда узундугу 16 метрди түзгөн  “эң узун чучук” улуттук-тамак ашы шаардыктарды жана анда келген меймандарды таң калдырды.

А

Добавить комментарий