ШААР МЭРИ ЖАШ ХОККЕЙЧИЛЕРДИ КУТТУКТАДЫ.

Бүгүн 13-мартта Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын жаш хоккейчилерин кабыл алып, аларды алгачкы ийгиликтери менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын «Нарын шумкарлары»   жана  Нарын районунун Кеӊеш айылындагы  «Учкучтар» командаларынын 9-11 жаштагы жаш хоккейчилери 3-4-март күндɵрү Бишкек шаарындагы «Айсберг» муз аянтында ɵткɵрүлгɵн мелдешке катышып, байгелүү орундарды камсыздап келишкен.

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акиминин кубогуна арналган мелдешке нарындык хоккейчилерден сырткары Бишкектин эки командасы катышып, жыйынтыгында «Нарын шумкарлары» командасы күмүш, «Учкучтар» командасы коло медалдарга ээ болуп кайтышкан.

Жаш хоккейчилер учурда алдыдагы мелдештерге кызуу даярдык кɵрүшүүдɵ. Алар 17-18-март күндɵрү Казакстанда ɵткɵрүлүүчү эл аралык мелдешке, ал эми апрель айында Бишкек шаарынын мэринин оюнуна катышышмакчы.

Буюрса 2018-жылдын күз айлары менен Норвегияга, Канадага баруу пландары бар.

Шаар мэри балдардын ийгилигине кубануу менен бирге алардын ата-энелерине, машыктыруучуларына жана эӊ негизгиси нарындык балдарга ушундай шарт түзүп берген Нурбек Ташболотовго тереӊ ыраазылык билдирди.

Хоккейчилер менен баарлашууда алардын кɵйгɵйлɵрүн сурап, жергиликтүү бийлик ар тараптан колдоо кɵрсɵтүүгɵ даяр экендигин айтты.

Ал эми машыктыруучулар Александр Петров жана Ксения Дроган айым болгону балдар азыраак катышып жаткандыгын билдирүү менен бул иштин келечеги кенен экендигин айтса, ата-энелер спорттун бул түрүнɵ балдарды тартуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдɵ жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болсо деген ɵтүнүчтɵрүн билдиришти.

Э. Алымкулов бул ɵтүнүч эске алынаарын айтып, балдарга чакан белектерин тартуулады.

Маалымат үчүн айтса кетсек, жакында жергиликтүү бюджеттен «Нарын шумкарлары» командасындагы балдардын формасына жана шаймандарына 150 миӊ сом каражат бɵлүнүп берилип, учурда кийимдери даярдалууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

Добавить комментарий