Шаар мэри жеке ишкерлер менен жолугушат

Нарын шаарынын аймагында соода-сатык жана коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан түйүндɵрдүн, жол боюндагы дүкɵндɵрдүн, павильон, камок ээлери менен Нарын шаарынын мэри Р.Адиев жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жеке ишкерлер менен жолугушууда шаарды кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу жана  соода-сатык жайларынын сырткы кɵрүнүшүн оӊдоп-түздɵɵ, бирдей типке келтирүү боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрɵт.

Ал эми жолугушуу 2015-жылдын 1-апрелинде саат 10-00 до Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында ɵткɵрүлɵт.

Добавить комментарий