ШААР МЭРИ МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРДЫН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТТОРУНА КАТЫШУУНУ УЛАНТАТ

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров менен биринчи вице-мэри Давид Курманов бүгүн, 14-январда Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кеңсесинде болуп, жылдык отчетторуна катышты. Алгач Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жылдык отчетун мекеменин жетекчиси Рахатбек уулу Эркин берди. Аталган башкармалык 2019-жылы төмөндөгү иштерди аткарган. Алар: 1. М.Рыскулов көчөөсүндөгү №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун долбоору;2. Тоголок-Молдо №11 “а” көчөөсүндө жайгашкан Нарын облустук медиа борборунун долбоору;3. Ленин көчөөсүндөгү тосмолор;4. Т.Усубалиев атындагы борбордук аянттын реконструкциялоо долбоору;5. Ленин көчөөсүндөгү аялдамаларды алмаштырып орнотуу;6. Раззаков көчөөсүндөгү тосмолорду орнотуу;7. Ак-Коргон аймагындагы парктын долбоору; Ал эми Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмилбек Чымылдаков өзү жетектеген ишкананын жыл ичинде жасалган иштерине токтолду. Алардын эң негизгиси мыйзамсыз обьектилерди буздуруу боюнча 12 ай ичинде 44 билдирүү берилип эскертилди. Ижара акыларын төлөө боюнча 68 билдирүү берилип азыркы учурда өндүрүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары Нарын шаарынын борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында мыйзамсыз соода сатык кылып жаткан адамдарга протоколдор түзүлүп, КРнын Бузуулар Кодексине ылайык айып пулдар салынганын айтты. Мындан башка да жасалган бир катар иштерге токтолуп, кийинки жылга коюлган пландары менен бөлүштү. Жыйын соңунда аталган ишканада аймак боюнча иштеген кызматкерлерге компьютерлер берилип, шаар мэри Нурбек Молдокадыров алардын ишине ийгилик каалады. Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий