ШААР МЭРИ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ ТУКЕШ ТОКТОМУШЕВДИ КУТТУКТАДЫ.

Бүгүн, 8-майда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы жалгыз ардагерибиз Тукеш Токтомушовду Улуу Жеӊиш майрамы менен куттуктады.

Ардагер менен баарлашууда ден соолук каалап, элибиздин сыймыгы, тɵрдүн кɵркү болуп дагы кɵп жыл ɵмүр сүрүүсүн тилек кылган шаар мэри майрамдык белегин тапшырды.

Келгендерди жылуу кабыл алган Тукеш ата жайыл дасторкон үстүндɵ ак батасын берип узатты.

Албетте мезгил мыйзамына баш ийбей кое албайт экенбиз. Мындан бир нече жыл мурда шаарда 50 ардагер болсо, бүгүн алардын катары суюлуп олтуруп бирɵɵ гана калганы ɵкүндүрɵт.

Тукеш Токтомушев да башка курбалдаштарындай эле 1942-жылы 18 жашында Нарын районунун Таш-Башат айылында 8-класста окуп жаткан кезинде согушка чакыруу алып, кан майданда денесинен жаракат алып 1943-жылы эл-жерине кайтып келген. Андан кийин согуш аяктагыча ооруктун оор түйшүгүн эл менен бирге тарткан. Ѳмүрүнүн согуштан кийинки жылдарын айыл чарба тармагынын жооптуу, жетекчилик кызматтарына арнаган. Татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, учурда балдарынын тɵрүндɵ кадырман карылыкты ɵткɵрүп жаткан мезгили.

Бар болуӊуз, кадыры бийик, каармандыктын чыныгы үлгүсү Тукеш ата!

Добавить комментарий