Шаар мэри шаардыктарды тазалыкка чакырды

Бүгүн, 10-январда Нарын шаарынын Жаӊы-Жол аймагынын жашоочулары менен мэр Р.Адиев баштаган топ жеринде жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жерине барган топтун максаты — дааратканаларды көчө жээктерин бойлой мыйзамсыз салып алган учурлар боюнча, таштанды салынуучу контейнер турганына карабастан жергиликтүү жашоочулар сууларды жана оттун күлүн чар жайыт тɵгүп жатканын жашоочулар менен жолугушуу.

Жашоочуларга шаардын тазалыгы сакталбай жатканы айтылып, шаар жетекчилиги дааратканалар орун алып калган жерлердин ээлерин иликтеп чыгуу жана таштанды тɵгүлүүчү жерди бетондор менен тостуруу жагын тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

Ошондой эле мэр жаздын келиши менен «Жаӊы-Жол» аймагындагы коомдук даараткана маселеси чечилерин билдирди.

     

Добавить комментарий