Шаар мэри Э.Алымкуловдун коомчулук менен жолугушуусу уланууда

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов коомчулук менен жолугушууларын улантып бүгүн, 15-февралда түштөн кийин Апрель Элдик революциясынын баатырлары, Айкөл Ала-Тоо коомдук уюмунун, Люстрация кыймылынын өкүлдөрү менен жолукту.

 “Шаардагы чечилбей жаткан маселелерди ортого салып талкуулап алалы деген максатта чакырып жолугушууларды уюштуруудабыз. Калктын эң негизги муктаждыктарын чечип,  керектүү нерселер менен камсыз кылып койсок, калган оокатын эл өзү эле кылып атат. Эң негизги максатыбыз шаардын келбетин ирээтке келтирүү, сырттан келген конокторго уялбай шаарыбызды көрсөткүдөй деңгээлге жеткирүү. Жергиликтүү бюджеттин акыбалы оор болсо да, акча каражатына такалбаган демилгелүү иштерди коомчулук менен биргеликте жүргүзсөк жылыш болот деген ойдомун. Жол боюнда үйүлгөн карларды чыгаруу башталды, биз техникаларды коюп берели, сиздер элди коомдук иштерге тартканга, көтөргөнгө жардам бериңиздер” – деп кайрылды мэр жыйынды баштап жатып.

Жыйынга келгендер шаардык муниципалдык менчик департаментинин жана жашылдандыруу мекемелеринин ишин сынга алышып, шаарда мыйзамсыз курулуштарга, соода күркөлөрүнүн орнотулушуна жол берилип, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери тийиштүү денгээлде жүрбөй, арыктар каралбай келгенин айтышты. Ошондой эле  балдар бакчаларындагы орундардын жетишсиздигинен жүздөгөн мектепке чейинки балдар бала бакчасына тартылбай,  кезекке коюуу жагы туура эмес жургузүлүп жаткандыгын белгилешти. Борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү, маршруттук каттамдардын каттоо убактысын узартуу боюнча сунуштарын билдиришип, мэрдин ишине ийгиликтерди каалашты.

Ал эми мэр суроолорго жооп берип жатып, “коомчулуктун сунуштарынын негизинде мындан аркы иш-милдеттерди аныктап алуум керек, базарды ирээтке келтирүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын  курамына  шаардын депутаттарынан да өкүлдөр кирип жатышат, шаар үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз, келип бергениңиздерге ыраазычылык билдирем”, — деди Э.Алымкулов.

Добавить комментарий